Жайлоодогу өрттөн улам Талас облусунун Манас районуна 1-августтан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Жалынды өчүрүүгө облустун бир канча районунун өрткө каршы кызматтары катышууда. Ошондой эле, милициянын, токой чарбасынын техникалык лицейдин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар кошулуп, жалпысынан 350 адам өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышат.
Казакстан менен чектеш Алмалуу жайлоосунда куураган чөптөрдү өрт чалды. Себеби анык эмес.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тилсиз жоо 28-июлда башталган. 4-августта кечке жуук токтотулуп, 5-августта кайра тутанган.
"Азаттык"