Айыл өкмөт башчысы Кудайберди Козуевдин "Азаттыкка" ырасташынча, Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү Боз-Адыр, Кара-Токой жана Ширеч айылдары "Ширеч" насостук станциясынан суу ичет: 

 

- 10-апрелде насостук станциядагы сууну ачканы барган кызматкерди Сох анклавынын Шархабат айылынын тургундары сабап салган. Ал азыр Баткен облустук ооруканасында жатат.

 

Айыл өкмөт башчынын маалыматы боюнча, насостук станция жайгашкан жер Кыргызстанга таандык, бирок ал Сох анклавынын ичинде. Буга чейин да эки тараптын ортосунда сууга байланыштуу чыр-чатактар катталып келген.

 

Ушул тапта Сох анклавы тараптагы кыргыз-өзбек чек арасында милиция кызматкерлери, чек арачылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулуп, кырдаалга көз салып турушат.

 

Бул маселеге байланыштуу Баткен районунун акими менен Өзбекстандын Сох районунун акими 11-апрелде жолугуп, сүйлөшөрү күтүлүп жатат.

 

Мамлекеттик чек ара кызматы бул маалымат такталып жатканын "Азаттыкка" кабарлады. 

 

"Азаттык"