Бирок маңзат сатууга айыпталып жаткан жаран тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

 

«CNN Turk» телеканалы билдиргендей, Кайсери шаарында полиция жүргүнчү автобусту текшерүү учурунда Түркмөнстан жараны 3 килограмм героин менен кармалды.

 

Кайсери полициясынын маңзат менен күрөшүү бөлүмүнө Түркиянын чыгышынан батыш аймактарына маңзат ташуу операциясы даярдалып жатканы тууралуу кабар түшкөн. Мындан соң укук коргоо кызматкерлери автобустарды текшерип, алардын биринен 3 килограмм героин алып бараткан түркмөн жаранын кармашкан.

 

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

 

Бирок маңзат сатууга айыпталып жаткан жаран тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүн болгон жок.