Бишкек, "Саясат.kg". Алга Кылычевдин доо арызын Бишкектеги Биринчи май райондук соту карайт.

 

“Дан” мамлекеттик ишканасынын директору, Апрель революциясынын Баатыры Алга Кылычев жарандык активист Мавлян Аскарбековдун билдирүүсүнө арданып сотко кайрылды. Кызыгы, Баатырды арданткан билдирүү мындан эки жыл мурун соцтармакка жарыяланган. Баатыр жарандык активисттен билдирүүдөгү “маргинал”, “торпеда” деген сөздөрдү шылдың катары кабыл алып, ар-намыска шек келтиргени үчүн 70 миллион сом өндүрүп алгысы келет.

 

Ал эми Мавлян Аскарбеков эки жыл мурдагы билдирүүсү эмнеге эми гана Алга Кылычевдин намысына тийгенине таң калууда.“Эки жыл бою Алга Кылычев мага эч кандай нааразычылыгын айткан эмес. Билдирүүгө 2010-2011-жылдары Кылычев менен оппозицияда чогуу болгонубузду, эки жылдан кийин КСДПнын талапкерлер тизмеси менен шаардык кеңешке өткөнүн, бийликти жактап жүргөндүктөн мамлекеттик ишканага директор болгонун жазгам”, - дейт Аскарбеков. Алга Кылычевдин доо арызын Бишкектеги Биринчи май райондук соту карайт.