Бишкек, “Саясат.kg”. Мал уурдоо фактылары Өзгөн районунда катталган.

 

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жылдын 11-март күнү Өзгөн районунун милиция бөлүмүнө 44 жаштагы М.И.аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Себеби 2017-жылдын 8-март күнү айылдын тааласында бош жүргѳн базар баасы 10 000 сомдук эки баш малын белгисиз адамдар уурдап кетишкен.


Ошондой эле ушул сыяктуу кылмыштар 2017-жылдын 28-февраль күнү 50 жаштагы С.М., 26 жаштагы Ш.Н. жана 41 жаштагы А.М. аттуу жашоочулары үйлөрүнүн короосунан малдарын белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кетишкендигин Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнө маалымдашкан. Баардыгы болуп келтирилген материалдык зыян 26 000сомду түзгөн.


Аталаган фактылар боюнча Өзгөн РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш жаза Кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында 2017-жылдын 12-март күнү Ош ОИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Кадамжай районунун 35 жаштагы Р.А., 32 жаштагы Р.А., 23 жаштагы Н.Н. жана Ноокат районунун 22 жаштагы Т.Н. аттуу тургундары кармалышкан.


Учурда шектүү катары кармалгандар убактылуу-кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.