Бишкек, “Саясат.kg”. ИИМ башчысынын орун басары Курсан Асанов акыр кезде жалпыга маалымдоо каражаттарында өзү жөнүндө жагымсыз маалыматтар жарыяланып жаткандыгын айтып берди.

 

2016-жылы укук коргоо органдарына жалпысынан 2521 кайрылуу түшүп, 161 кызматкер катышкан жоруктарга карата 120 кылмыш иши козголду. Дал ушул жүйөънүн негизинде 98 милиция кызматкери жумушунан бошотулду. Бул туурасында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымдады.

 

- Ал эми 2017-жылдын башынан бери 13 милиция кызматкеринин үстүнөн 7 кылмыш иши козголду. Жакында эле өткөн ички иштер министрлигинин коллегиясында ишиндеги кемчиликтер үчүн 30 кызматкерге сөгүш жарыяланды. Ошондой эле айрым башкармалыктардын жетекчилери алмаштырылды. Коллегиянын мындай чечимине макул эмес кызматкерлер эми өз маселелерин сот аркылуу гана чече алышат, - деди ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов.

 

Курсан Асанов акыр кезде жалпыга маалымдоо каражаттарында өзү жөнүндө дагы жагымсыз маалыматтар жарыяланып жаткандыгын, мунун ичинде журналистти сабады дегендей жалган кабар таратылгандыгын дагы моюндлады.

 

- Жолугушууга барсам, журналист Асланбек Сартбаев, дагы бир ишкер менен депутат бар экен. Сүйлөшүп отуруп, анан тарап кеткенбиз, Ал жерде чыр-чатак деле болгон эмес. Эми, андай жалган маалымат тараткандарды журналисттин өз абийирине эле койдум, - деп кошумчалады ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов.

 

Буга дейре айрым жалпыга маалымдо каражаттарында «Генерал Курсан Асанов журналист Асланбек Сартбаевди сабады» деген маалыматтар жарыяланган эле. 

 

Алишер Токсонбаев,

өз кабарчы