Бишкек, "Саясат.kg". Чогултулган далилдердин негизинде К.М.А. Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Возможно, это изображение очки для зрения, пуховик и текст "200CM КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК КООПСУЗДуК МАМлЕКЕТТИК КоМИТЕТИ ЫСЫК-КеЛ обЛУсУ БОЮНЧА БАШКАРМАЛЫГЫ 190CM 200см 180см 190CM 170см 180см 160CM 170CM 150см 160CM 140см 150CM 130см 140CM 120CM 130CM 110CM 120CM 100CM 110CM 00см"

КР УКМК тарабынан коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу жана системалуу коррупцияны толугу менен жоюу, ошондой эле Ысык-Көл облусунун энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу максатында 2026-жылдын 29-январында пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл электр тармактар ишканасына караштуу Ак-Суу райондук электр тармактарынын эсептөө инженери К.М.А. кармалды.

Тактап айтканда, К.М.А. электр эсептегичинде пломба жок болгондугу үчүн айып пулдун суммасын азайтуу максатында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туризм кызматын көрсөткөн ишкерлерден накталай акча түрүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.

Чогултулган далилдердин негизинде К.М.А. Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.