Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн  натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 244 миллион 587 миң 870 сомду (2 700 000 евро) түздү,

 

КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн  келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы  аныкталды. 

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн  натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 244 миллион 587 миң 870 сомду (2 700 000 евро) түздү, бул сумма козголгон кылмыш ишинин жана жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында ЖЧК тарабынан толугу менен өндүрүлдү.

КР УКМК Коргоо министрлигинин коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда.