Бишкек, "САЯСАТ.KG". Буга чейин Екатерина кыргыз жана казактар жөнүндө орой билдирүү жасаганы кабарланган.

Россиянын ИИМи Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатеринага карата текшерүү баштады.

Маалыматтарга ылайык, текшерүүнү Россиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгы жүргүзүүдө.

Буга чейин Екатерина кыргыз жана казактар жөнүндө орой билдирүү жасаганы кабарланган. Эки өлкөдө тең ага каршы кылмыш иши козголгон.

Булак: govori.tv