Бишкек, "САЯСАТ.KG". Ормонов август айында кармалып, 4-сентябрга чейин камакка алынган болчу.

 

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов үй камагына чыгарылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда, соттон маалымдашты.

Маалыматка караганда, мындай чечим 29-августта кабыл алынган. Ормоновго карата Кылмыш-жаза кодексинин 40-беренеси (Кылмышты аткаруучу) жана 336-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топтун кызыкчылыгында же оор залал келтирүү менен жасалган коррупция) боюнча айып тагылган.

Эскерте кетсек, Ормонов август айында кармалып, 4-сентябрга чейин камакка алынган болчу.

Жапарбек Ормонов 2023-жылдын август айында Ысык-Көл районунун акими болуп дайындалган.

Булак: koom.press