Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан, мурда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык, инфраструктуралык объектилерди жана жер участокторун мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жалпы аянты 12,68 Га жер тилкелерин менчиктештирүүдө жана мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталган.
Тергөөгө чейинки иш-чаралардын жүрүшүндө, уюшкан кылымыштуу топтун лидери А.Анапияевтин туугандарынын мыйзамсыз ээлеп жүргөн мүлктөрү: Ош облусунун Чоң-Алай районун Дароот-Коргон айылындагы жалпы аянты 0,7га жер тилкеси, 749,65м.кв. административдик имараты жана 0,14 га май куюучу жайы дүкөнү менен, ошондой эле Бурган-Суу айылындагы аянты 11,84 га түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана мекемелерди аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.