Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

УКМК: Мыйзамсыз миграцияны уюштурган 2 чет элдик жаран кармалды

Бишкектеги курулуш объектилеринин биринде 46 чет элдик жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды. 

Аталган чет элдиктер туристтик визанын негизинде жүргөнү жана өлкөдө иштөөгө укугу жок экени такталган.

46 чет өлкөлүк жаранга карата КРда болуунун белгиленген тартибин жана эмгек ишмердигин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу фактысы боюнча ар бирине 10 миң сомдон протокол түзүлгөн. Ал эми курулуш компаниясынын жетекчилигине чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуунун жана пайдалануунун эрежелерин бузуу жөнүндө протокол жазылган.

Учурда миграциянын мыйзамсыз каналын уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.