Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

КР УКМК Саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан (мындан ары МСЭК) майыптык тобун аныктоодогу  коррупциялык схеманы аныктады.

       Тактап айтканда, Лейлек райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын мүчөлөрү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧ) майыптык тобун аныктап берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылуу менен алектенген.
       Баткен районунун тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондор аралык МСЭКтин төрагасы эксперт А.Ж.А. жана врач эксперт Э.У.Б. тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан 3 миң сомдон 5 миң сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын системалуу түрдө алгандыгын тастыктаган материалдар алынды. 
        Мындан улам, жогоруда аталган жарандар КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмышка шектүү катары КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына  камакка алынып, тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.