Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
Социалдык тармак аркылуу массалык башаламандыкка чакырган жаран кармалды.
«Манас» эл аралык аэропорту аркылуу Бишкек — Москва маршруту боюнча өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган учурда Facebook соцтармагынын деструктивдүү аккаунттун ээси Б.Ж.А. аттуу жаран кармалды.
Ал Facebook аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык баш аламандыктарды уюштуруу максатында чагымчыл мазмундагы контенттерди жарыялоо менен алектенген.
Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
УКМК массалык баш аламандык уюштуруу жана ага катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет, бул үчүн КР мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралган.