Бишкек, "САЯСАТ.KG". 5-апрелге чейин камакта болору айтылды
MCN Coin иши боюнча кармалган Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубеков камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдирди.
Эске салсак MCN Coin уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбеков буга чейин «криптовалютаны» үч адам түзүп, Юруслан Тойчубеков аларга кеп-кеңешин берип тургандыгын билдирген.
Сот чыгарган токтомдо 11-февралда кармалган Тойчубековго карата Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси («Финансы пирамидаларын уюштуруу») боюнча иш козголгону, ал 5-апрелге чейин камакта болору айтылат.