Бишкек, "САЯСАТ.KG". Аксыда мектептин курулушунда 8 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды.
Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мектеп имаратынын курулушунда иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды кабыл алышкандыгы аныкталды.
Тагыраагы, аталган мекеменин кызматкерлери Аксы районунун Дардак-Дөбө айылындагы мектепти курууда каралган мектептин айланасын көрктөндүрүү, видео байкоо орнотуу, спорт эмеректери менен камсыздоо жана башка жумуштар “К” ЖЧКсы тарабынан иш-жүзүндө аткарылбагандыгына карабастан официалдуу иш кагаздарга жалган маалыматтарды киргизүү менен жумуштарды кабыл алышкан.
Натыйжада мыйзамсыз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп, мамлекетке 8 млн 20 миң 778 сом зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан мыйзамга ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына жиберилди.