Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү «Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1985-жылы туулган КРнын П.К.Т. аттуу жаранына карата  “Айран-YouTube” каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн, өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү  бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.

       Учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет, бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.