Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу ИИМден кабарлады
«Жогорку кызматка дайындайбыз» деп 100 миң доллар алып, алдап кеткен деген шек менен айыл башчы кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлады.
Милицияга А.Ж аттуу жаран былтыр мартта эки киши ири суммадагы акчасын алып из жашырып кеткени боюнча арыз менен кайрылган.
29-январда кылмышка шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районундагы айылдардын биринин 47 жаштагы М.С. аттуу башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шектүү жогору жакта иштеген тааныштары аркылуу ишке орноштурмакчы болгону кошумчаланды.