Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Баткен облусунда жалпы аянты 3 гектар жер тилкенин ээси өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарды.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы бул жер тилкеси 2018-жылы мыйзамдарды бузуу жолу менен мамлекеттин балансынан жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен азыркы менчик ээси өз ыктыяры менен жалпы аянты 3 гектар болгон жер тилкесин Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.

УКМК мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен мамлекеттик объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган иштерди улантууда.