Бишкек, "САЯСАТ.KG". Окуянын бардык жагдайлары иликтенүүдө.

Майлуу-Суу шаарында милиция кызматкерлерине карата зомбулук аракеттери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси ("Дене-бойго зомбулук колдонуу менен бийликтен аша чабуу") жана 280-беренеси ("Алдын ала бүтүм боюнча адамдарды тобу тарабынан жасалган бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголду.

Текшерүүдө Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери М.А., К.Н. жана башкалар өз бийлигинен аша чаап, бир нече жаранды ур-токмокко алып, зомбулук колдонгон фактылары аныкталган.

Учурда тергөө иштери УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары иликтенүүдө.

Булак: Кабар