Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

КР УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, 2025-жылдын 1-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Т.А.А. аттуу инспектору көрсөтүлгөн сумманы алуу учурунда кармалды.

       Тактап айтканда, 2024-жылдын 6-декабрынан азыркы учурга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын инспекторлору тарабынан Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү.
       Мындан улам, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын инспекторлор тобунун жетекчиси Т.А.А. Ош шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринде текшерүүнүн мөөнөтүн негизсиз создуктуруп, укукка каршы иш-аракеттер аркылуу, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим чыгаруу максатында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган. 
      Кармалган жаран КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.