Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

WhatsApp Image 2025-01-31 at 15.43.21.jpeg

Жайыл районунун ирригация тутумуна бөлүнгөн 17 млн сомду кымырып алгандар кармалды.

Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө ирригациялык системаны жакшыртууга багытталган бюджеттик акча каражатын чыгаруу фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын мурдагы башчысы (азыркы Панфилов районунун Курама а/а башчысы) К.У.Т., подряддык компаниянын директору А.у.Т. менен биргеликте ирригациялык каналдарды орнотуу боюнча тендерди өткөрүүдө республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

КР Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында келтирилген зыяндын көлөмү 17 млн сомдон ашкан.

Кармалган адамдар соттун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине камакка алынды.

Учурда бул кылмыш ишинин алкагында башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.