Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

фото пресс-службы ГКНБ

       КР УКМК тарабынан коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чүй облусунун Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы К.С. Т. кармалды.
       Аталган К.С.Т. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын төрагасы болуу менен, комиссиянын айрым мүчөлөрү жана үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларынын өкүлдөрү менен биргеликте акча каражаттарын жана башка материалдык жыргалчылыктарды мыйзамсыз алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы жөнгө салгандыгы аныкталган. Акча каражаттарын алгандан кийин К.С.Т. айрым чарбалардын таламдарын алардын документтери КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбегенине карабастан ыңгайлаштырып алган.
        Үстүбүздөгү жылдын 23-январында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.С.Т. кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.