Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Токмок шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген дарылоо — ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин балансына кайтарылды.

Аянты 1,05 га жер тилкеси менен, 1995-жылы ошол кездеги КР мыйзам ченемдерин бузуу аркылуу менчиктештирилип кеткен дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин балансына кайтарылды.

Бул борбор Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпастан жеке менчикке толук түрдө берилген. Бирок, Е.У. жетекчи болуп туруп, жасалма келишим түзүп, аталган ден соолукту чыңдоочу мекемени уулуна жеке менчикке өткөрүп берген. Натыйжада, мамлекетке ден соолукту чыңдоо борборунан тиешелүү акцияларынын пакети берилген эмес, башкача айтканда мамлекет пайдадан жана борбордун аймагынын бир бөлүгүн ээликтен ажыратуудан дивиденддерди алган эмес.

УКМК органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген Мамлекеттик мүлктү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.