Бишкек, "САЯСАТ.KG". 25 кызматкер кызматынан бошотулган.
УКМК 2020-жылдын октябрь айынан тарта 2024-жылдын декабрь айына чейин саламаттыкты сактоо тармагындагы 43 кызматкерге карата кылмыш ишин козгоду.
Бул маалыматты комитеттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги жооптуу кызматтагы 18 кадр бар.
Ал эми мамлекетке 291,9 млн сом кайтарылган.
Ошондой эле 25 кызматкер кызматынан бошотулган. Уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар 4 кызматкер жумушунан бошоду.
Булак: Баракелде