Бишкек, "САЯСАТ.KG". Чүй облусунда жарандык күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы келин кармалды.

Бул тууралуу Чүй ОИИББден кабарлады.

Маалыматка караганда, түндө саат 01:15те Москва РИИБине Беловодское айылында үй-бүлөлүк чыр-чатак болуп жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөтүлүп, жарандык никедеги 29 жаштагы К.Б. менен 20 жаштагы Э.А. 15-январь күнү үйүндө арак ичип отуруп, уруша кеткен. Чырдын жүрүшүндө аялы күйөөсүн бычак менен жүрөк тушка сайып, ал каза болуп калган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: 7 канал