Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жасалма номер менен автоунаа башкарган айдоочу кармалганын ЖКККББдан билдирди.

13-январдагы рейд учурунда Honda Accord үлгүсүндөгү унаа текшерилген. Анын 40 жаштагы айдоочусу армян номерлүү унаага жасалма кыргыз номерин тагып алганы аныкталган.

Айдоочу мындай амалы үчүн 20 миң сом төлөмөр болуп, темир тулпары айып короого токтотулду.