Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Баасы 60 млн.800 миң сомдук консерва цехинин күнөскана имараты жана жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. 

КР УКМК Раззаков шаарынын "Стандарт"  тилкесинде  жайгашкан консерва цехинин 2001-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.

Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,76 га, базар баасы 60 млн.800 миң сом болгон аталган жер тилкеси ыктыярдуу түрдө  Раззаков шаарынын мэриясынын ММБнын балансына өткөрүлүп берилди.