Илимбек Исраилов: Пенде экенбиз, адашып калдым.

Бишкектеги иш-чарада алып баруучуларды микрофон менен чаап жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

“Аталган факты ресторандын администраторунун арызынын негизинде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган И.И. аттуу жаран аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык административдик камакка алынган. Соттун чечими чыкканга чейин ал райондук башкармалыктын убактылуу камерасында кармалууда”,— деп айтылат маалыматта.

Көп өтпөй эле видеодогу жаран өзүн блогер деп атаган Илимбек Исраилов экенин маалым болуп, ал социалдык тармактагы баракчасына кечирим сураган видеосун жарыялады.

Кылыгым үчүн кечирим сурайм. Силердин айтып жаткан ой-пикириңер мен үчүн сабак болсун. Күнөөмдү мойнума алам жана өкүнөм. Аял кишиге мындай жоосун эч ким тарабынан болбошу керек. Пенде экенбиз, адашып калдым. Спирт ичимдиктерин ичкенбиз. Ошондуктан ушундай окуя болуп кетти. Мырзадан, карындаштан, кеченин конокторунан кечирим сурайм. Мен алып баруучуларга барып, баарын түшүндүргөнгө аракет кылдым. Баарыңардан кечирим сурайм”,- деген ал.

Анткен менен коомчулук кечирим сурап эле кутулуп кетпөөсүн айтышып, мыйзам чегинде жазасын алышы керектигин талап кылышкан.