Кыз никеге макул болбогон соң аны үйдө эки күн кармашкан
Эки киши Л.Э. аттуу кызды Васильевка айылынан Volkswagen Vento автоунаасына кыйнап салып, Маевка айылына алып барган. Ал жактан нике кыюуга молдо чакырылып, бирок кыз турмушка чыгууга такыр көнбөй койгон.
Жыйынтыгында кишилер кызды Беловодск айылына алып кетип, үйлөрдүн биринде эки күн кармашкан.
Кыз бошотулгандан кийин милицияга арыз менен кайрылган. Тартип сакчылар кылмышка шектелген 30 жана 35 жаштагы эки кишини кармады.
Булак: Sputnik_Kyrgyzstan