Бул факты боюнча тергөөнү Ош облустук ички иштер башкармалыгы жүргүзүп жатат.

Ошто пара талап кылган сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына Ош облусунун тургуну мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупция фактысы боюнча чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Арызда райондордун биринин сот аткаруучусу унааны камактан чыгаруу үчүн 30 миң сом пара талап кылганы айтылган.

Бул факт Ош облустук милициясында катталып, топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү.

Ошентип, 28-октябрда Ош шаарынын аймагында акча каражатын алып жаткан жеринен Ош шаарынын САКБнын сот аткаруучусу А.Ж. аттуу жаран кармалган. (Мурда ал башка райондук сот аткаруучулар кызматында иштеген, жакында которулган). Кармалган учурда андан пара катары алган акча каражаты табылган.

Бул факты боюнча тергөөнү Ош облустук ички иштер башкармалыгы жүргүзүп жатат.