Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

КР УКМК ички иштер органдарындагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө 2024-жылдын  2-октябрында КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын 2-шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкерлери милициянын майору А.у.И. жана милициянын капитаны А.А.А. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери Ленин райондук ИИБнын өндүрүшүндө турган кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен жарандан жогорудагы акча каражатын алганы аныкталган.

Кармалган кызматкерлер КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.