Шектүү тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш чарасынан кийин белгилүү болгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 1-октябрда Автандил Сабырбеков менен анын агасы Тариэл Сабырбековдун баш коргоо чарасын карады. Райондук соттун маалыматы боюнча, жыйынтыгында сот шектүүлөрдү 3-декбарга чейин №1 тергөө абагында камакта калтырды.

Шектүүлөр 2024-жылдын 3-июлунда кармалган. Иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) 3-бөлүгү менен козголгон.

А.Сабырбеков 24-июнда  «Кыргызстан сулуусу-2020» сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоеванын (учурда 24 жашта) колун сураган болчу. Лазат Нуркожоева — президенттин бир тууган иниси Дөөлөтбек (Давлетбек) Жапаровдун кызы.

Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров талкууга алынып жаткан карындашы Лазат Нуркожоевага байланыштуу пикирин айткан.

Президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат» деген.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов «Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктаган. Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш чарасынан кийин белгилүү болгон. Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар экенин билдирген.

Булак: koom.press