Бишкек, “САЯСАТ.KG”. КР УКМКнын басма сөз борбору маселенин чоо-жайы тууралуу маалымат таркатты.

КР УКМК тарабынан мурдагы "Октябрдын 40 жылдыгы" Бишкек тигүү фабрикасынан мамлекеттик менчиктин айрым объекттерин К.Асанбектин пайдасына мыйзамсыз чыгаруу фактысы аныкталды.

Алсак, 2004-жылы аталган ишкананын балансынан мыйзамдын жол-жоболорун бузуу менен жалпы аянты 13 000 чарчы метр болгон ири өнөр жай объекттери "Рос-Трейд" ЖЧКсынын (азыркы "Детский Мир" соода борбору) пайдасына жеке менчикке чыгарылып кеткен. Анын директору А.М.С. - А.А. аттуу жарандын ишенимдүү адамы болгон.

 

Андан ары, 2009-жылы А.М.С. “Детский мир” соода борборунун жалгыз ээси болууну каалап, А.А.дан баш тартып, К.Асанбек менен өнөктөштүк мамилесин түзгөн. “Рос-Трейд” ЖЧКсынын үлүшүнүн 50%ы жана аянты 2900 чарчы метр коммерциялык жайлары бар 3 кабаттуу имарат УКТ башчысы тарапка берилип кеткен.

Ал эми 2020-жылы А.М.С. аянты 10 000 чарчы метр болгон  “Детский мир" соода борборунун  имаратын Н.М.Р. аттуу инвесторго 6 млн. АКШ долларына саткан, келишимге ылайык аталган сумманын 2,3 млн. АКШ доллары К.Асанбекке берилген.

Ошондой эле, тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин деструктивдүү ишмердүүлүгүн  А.М.С. тарабынан каржылоо фактысын тастыктаганмаалыматтар алынган.

Мындан улам, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Асанбектин аффилирленген жактары менчиктин мыйзамсыз экендигин түшүнүшүп, ыктыярдуу негизде жогоруда белгиленген 3 кабаттуу, аянты 2900 чарчы метр жана наркы 900 млн. сомдон ашык имаратты мамлекеттин балансына өткөрүп беришти.

Кылмыш ишинин алкагында А.М.С. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча атайын тергөө иштери улантылууда.

УКМК акча каражаттарын, предметтерди, буюмдарды жана башка мүлктөрдү берүү же чогултуу, мүлккө укуктарды же мүлктүк мүнөздөгү пайдаларды берүү, ошондой эле кайрымдуулук жардамдары, алмашуу,  УКТга маалыматтык жана башка түрдөгү финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.