Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.
2024-жылдын 18-сентябрында КР УКМК тарабынан Э.Б. аттуу КР жаранын мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин 5-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Ж.у.К. жана А.Ы.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында КР жараны Э.Б.га карата кыйноо колдонулган, бул дене жаракатынын издери менен далилденген.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.