Бишкек, “Саясат.kg”. Токмок шаарында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирет.

Токмок шаарынын 3-кичи районундагы №18 дарегинде жайгашкан бала бакчанын имараты 2004-жылы “КР бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор Союзу” тарабынан менчиктештирилип кеткен. Тактап айтканда, аянты 1140 чарчы метрди түзгөн бала бакчанын имаратынын бир бөлүгү жана ага жанаша жайгашкан аянты 4235 чарчы метр жер кайтарылды.

Менчик ээси – “Р бизнес-инкубаторлор жана инновациялык борборлор Союзунун" башкы катчысы, Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева экендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын ээси социалдык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алып, 130 млн.сом наркындагы аянты 5375 чарчы метр жер тилкесин административдик курулушу менен кошо өз ыктыяры менен Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берди.

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.