Буга чейин Акыйкатчы институту Ош шаарында 15 жаштагы кыз бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып турганын кабарлаган. 

ИИМ Ошто кыздар-балдар өспүрүмдү каналдын жээгине алып барып, күч колдонуп, шылдыңдап, ур-токмокко алганын тастыктады. Ошондой эле алар кызды бир нече күн белгисиз даректе кармашкан. 

Аталган факт бирдиктүү реестрге катталып, милициянын ыкчам-тергөө иштеринен кийин өспүрүмдү сабоого шектелип 21 жаштагы кыз жана өспүрүмдү зордуктаган делип 27 жаштагы эркек тергөөгө жеткирилген. 

Учурда бул ишке тиешеси бар делген башка адамдар изделип жатканы айтылды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 

Sputnik-Kyrgyzstan