Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

КР УКМК ички иштер органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө 2024-жылдын 20-августунда КР Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте, 8 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча КР УКМКнын тергөө комитети тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, 550 миң  сом алып жаткан учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-8 тергөө кызматы тарабынан милициянын капитаны «М.Н.М.» кармалды.

Тергөөдө аныкталгандай, Биринчи май РИИБде каралып жаткан кылмыш иши боюнча арыз ээсинин тууганына коюлган айыпты анча оор эмес беренеге өзгөртүү үчүн көрсөтүлгөн акчаны опузалап алгандыгы такталды.

Кармалган кызматкер КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.