Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы суу мунарасын мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында, аталган суу мунарасы 1998-жылы «Ш.Д.К.» аттуу жеке адам тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 2443,75 м2 жер тилкесинде жайгашкан, 14,1 м2 пайдалуу аянты бар, базар баасы 30 млн 405 миң 970 сомду түзгөн суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылган.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.