Бишкек, “Саясат.kg”. Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жана ок атуучу куралды мыйзамсыз сатып алууга, өткөрүп берүүгө, сатууга, сактоого, ташууга же алып жүрүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө КР УКМК тарабынан К.Т.С. аттуу жаран кармалды.
Тактап айтканда, К.Т.С. мурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышта болуп, өз коопсуздугун камсыз кылуу шылтоосу менен, ок атуучу куралды сатып алуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин билип туруп, белгисиз адамдан ок-дарысы (патрону) бар 9 мм “Макаров” тапанчасын сатып алган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында К.Т.С.нын жашаган жерин тинтүүнүн натыйжасында "Макаров” 9 мм тапанчасы жана 7 даана ок (патрон) табылып алынган.
Тергөөнүн жүрүшүндө К.Т.С. аттуу жаран КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси менен кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылып, алынган аскердик тапанчага баллистикалык экспертиза дайындалды.