Бишкек, "Саясат.kg". Бул тууралуу бүгүн КР УКМКнын пресс борбору маалымдады.
КР УКМК тарабынан жер мыйзамдарын бузууларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Раззаков шаарындагы С.Сыдыков атындагы борбордук парктын аймагындагы жалпы аянты 0,053 гектар жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды.
Учурда бул жерде мейманкана бизнеси жайгашкан, ошондой эле жеке менчик мектепке чейинки мекеме иштейт.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жер тилкесинин ээси жалпы баасы 54 миллион 859 миң сомду түзгөн жер тилкесин Раззаков мэриясынын балансына өз ыктыяры менен кайтарып берген.