Бишкек, "Саясат.kg". Экс-министрдин уулу да 5-октябрга чейин камакта болот
Бишкек шаардык соту 8-августта мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутмановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арызын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Ага ылайык, алар 5-октябрга чейин камакта кармалат.
Шаардык соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-июлда Динара Кутманова менен Кемелбек Кутмановдун камактагы мөөнөтүн 5-октябрга чейин узарткан. Алардын адвокаттары бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген. Ушул тапта райондук сотто кылмыш ишин териштирүү уланып жатат.
Экс-министр Динара Кутманова жана уулу Кемелбек Кутманов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен айыпталууда.