Бишкек, “Саясат.kg”. Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын Жалал-Абад ОИИБ кайрадан эскертти.

2021-жылдын 25-ноябрь күнү “whatsapp” социалдык тармагы аркылуу дайынсыз болуп жаткан кыздын ички органдары жок табылдыгы жана Сузак районундагы мектептерден окуучу балдар жоголуп жаткандыгы тууралуу такталбаган маалыматтар таратылган. Бул үн жазуулар жалган жана аты аталган мектептерде окуучулар жоголгон эмес.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы облус тургундарын такталбаган маалыматтарды бөлүшпөөгө жана таратпоого чакырат. Жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Мыйзамдарды билбегендик жоопкерчиликтен бошотпойт.

https://youtu.be/nY2BzhXiRk4 видео ушул ссылкада.