Бишкек, “Саясат.kg”. Ысык-Көлдө мыйзамсыз курал жүгүртүүгө каршы атайын рейд өткөзүлдү.

Ок атуучу куралдардын, жардыруучу заттардын мыйзамсыз жүгүртүү учурларын аныктоо жана куралдардын колдонуусу менен кылмыштардын алдын алуу максатында, Ысык-Көл облусунда 22-24 ноябрь күндөрү «Арсенал» аталышындагы операция болуп өттү.

Үч күндүк иш чаранын жүрүшүндө, миңден ашык мергенчилер, газдык жана травматикалык куралдардын 82 ээси текшерүүдөн өтүштү. Курал-жарактар сакталган 12 уруксат берүүчү объектилер изилденип чыкты. Операцияга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан 9 мурда жасалган кылмыштардын бети ачылып, издөө жүргөн 2 кылмышкерлер колго түшүрүлгөн.

Милиция кызматкерлеринин көрүлгөн иш аракеттеринин натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 21 даана ок атуучу куралдар алынды, анын ичинен 3 сайлуу жана 18 сайсыз куралдар болуп саналат. Бардык аныкталган фактылар шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн КЖБРне катталып, учурда жазык кодексинин 253 (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) беренесинин негизинде тергөө амалдары жүрүүдө.

Бардыгы болуп, курал-жарактарга байланыштуу 53 протокол түзүлүп, анын ичинен 49 сактоо эрежелерин жана 4 каттоо мөнөөтүн бузуу болуп саналат. Аныкталган фактылар боюнча айып пулдар Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде салынды.