Бишкек, "Саясат. kg". Чыны менен эле ковиддин экинчи жылында адам өлүмдөрү көп катталууда.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адан Гербейесус COVID-19 пандемиясынын экинчи жылында адам өлүмдөрү көп болорун билдирди. “Ковидден 3,3 млн.дон ашык адам көз жумду, пандемиянын экинчи жылы биринчиге караганда кыйла опурталдуу болору күтүлүүдө. Адам өмүрлөрүн сактоонун бири гана жолу – сактануу талаптарын аткаруу жана вакцина алуу. Жалпыбыз вакцина алуу менен гана ковидди жеңе алабыз. Бай өлкөлөрдү вакцина жагынан башкаларга жардам берүүгө чакырам”, - деди ДСУнун башчысы. Тедрос Адандын айтканында калет жок. Чыны менен эле ковиддин экинчи жылында адам өлүмдөрү көп катталууда. Бирок элде биринчи жылдагыдай коркуу, чочулоо сезимдери байкалбайт. Күнүнө бир канча адамдын көз жумуп жатканына карабай көчөлөрдө, коомдук жайларда беткап тагынгандар өтө эле аз. Вакцина алып, оорудан сактанууга ашыккандар да аз болууда. Баарыбыз вакцина алып, беткап, антисептиктерди дайыма колдонолу. Ар бирибиз өзүбүзгө, жакындарыбыздын өмүрлөрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылалы.
Булак: "Майдан. kg" гезити