Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 100 миллиондон ашты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 28-январда кечинде тараткан маалыматы боюнча, дүйнөдө жалпы 100 200 107 адамга коронавирус жуккан.

Бейтаптардын саны боюнча көптөн бери 1-орунда турган АКШда 25 миллиондон ашык адам коронавирус жуктурду.

2-орундагы Индияда 10,7 млн адам, 3-орундагы Бразилияда 9 млн дамга вирус жуккан.

Кийинки орундагы Россияда 3,7 млн адамдан, 5-орундагы Улуу Британияда 3,6 млн адамдан дарт тастыкталды.

Булак: Баракелде