Моңголиядагы дарыгерлер операция менен бейтаптын тилин алышты

Моңголиядагы Экинчи улуттук борбордук оорукананын оториноларингология хирургиясы реабилитациялык борборундагы дарыгерлер тилди алуу бонча алгачкы операцияны ийгиликтүү жүргүзүштү.

Расмий маалымат боюнча, бейтапка тилдин рагы диагнозу коюлган. Шишик сөөккө өтө элек болгондуктан тилдин тамырын сактап калышты.

Аталган борбордун башчысы Н.Асралт билдирген маалымат боюнча, бул процесстен кийин адам үн чыгара албай калат. Тил болсо тамак чайноо, даам сезүү жана шилекей бөлүп чыгаруу функцияларын аткара берет.

Адам бул органын толук жоготсо, ашказанга түтүк аркылуу гана тамак-аш кирип калат. Мындай абалга жеткирбеш үчүн бул бейтаптын жаактагы булчуң ткандары тилдин негизине жайгаштырылып, кан айлануу системасы бузулган эмес.

Операция 6 саат 32 мүнөткө созулуп, дарыгерлердин 3 командасы кезек менен иштеген.

Бул операциянын артыкчылыгы — адамдын өзүнүн тканынан донордук орган алынганында. Мындай хирургиялык операция дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жасала бербейт. Эң чоң деген ооруканаларда гана жасалат.

Дарыгерлердин айтымында, Түштүк Кореяда хирургиялык процесстер жана операциядан кийинки чыгымдар үчүн 30 миң доллардай каражат коройт. Андан башка дагы майда-чүйдө чыгымдар көп.

Ал эми Моңголиядагы бейтапка операция жасоо үчүн медициналык камсыздандырылган бир жолку хирургиялык жабдык үчүн 280 доллардай, реабилитация үчүн 25 доллардай каражат сарпталган.

Булак: Баракелде