Америкада коронавирус жуктурган адамдар 17 миллиондон ашты
Америка Кошмо Штаттарында коронавирус жуктурган адамдардын саны 17 миллиондон ашты. Жонс Хопкинс университетинин 17-декабрдагы эсеби боюнча, Америкада жалпы 17 000 408 адам коронавирус менен катталган.
Бул оорунун кесепетинен Америкада 307 770 адам көз жумду.
Коронавирус жуктурган адамдардын саны көп өлкөлөр:
- АКШда 17 млн адам:
- Индия — 9,9 млн;
- Бразилия — 7 млн;
- Россия — 2,7 млн;
- Франция — 2,4 млн;
- Түркия — 1,9 млн;
- Улуу Британия — 1,9 млн;
- Италия — 1,8 млн;
- Испания — 1,7 млн;
- Аргентина — 1,5 млн.
Булак: Баракелде