Пандемия башталгандан 9 айдан кийин эле вакцина ойлоп табыларын эч ким күткөн эмес.

Минтип  Даниядагы Saxo Bank банкынын инвестиция боюнча директору Стин Якобсен билдирди. Эксперттин ишениминде, коронавирус 2021-жылдын экинчи кварталында токтоп, дүйнөлүк экономика бир жыл ичинде турукташат. Баарынан мурда азиялык экономика бат калыбына келет. Анткени, Азиядагы өлкөлөрдүн “иштери жакшы жүрүп жатат”.

“Кытайдын экономикасы биринчи кварталда ИДПнын өсүшү боюнча 10 %дык көрсөткүчкө жетет. Андан кийин Түндүк Европа, АКШ, Улуу Британия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн экономикалары турукташууга багыт алат”, - деди эксперт.

Ошондой эле, ал коронавируска каршы вакцинанын ойлоп табылганын илимдеги триумф жана иммунизацияга каршы жаңы мамиле деп тапты. Анын белгилөөсүндө, пандемия башталгандан 9 айдан кийин эле вакцина ойлоп табыларын эч ким күткөн эмес. Бирок 2020-жылы адамзаттын акылы жаңы нерселерди ойлоп табууга жөндөмдүү экенине күбө болдук.

Булак: «Майдан. kg» гезити