Быйыл дүйнөдө 40тан ашуун журналист өлтүрүлдү

2020-жылы дүйнө жүзүндө профессионалдык милдетин аткарып жаткан учурда 42 журналист өлтүрүлдү. Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын 235 өкүлү түрмөдө отурат. Бул тууралуу Эл аралык журналисттер федерациясынын докладында айтылат.

Мексикада жыл башынан бери 13 кабарчы өлтүрүлгөн. Бул өлкө соңку 4 жылдан бери журналисттер эң көп өлтүрүлгөн мамлекеттердин сап башында турат.

Ушул жылы журналисттер өлтүрүлгөн өлкөлөр:

Мексика – 13, Пакистан – 5, Афганистан – 3, Индия – 3, Ирак – 3, Нигерия – 3, Филлипин – 2, Сомали – 2, Сирия – 2, Камерун – 1, Гондурас – 1, Парагвай – 1, Россия – 1, Швеция – 1, Йемен – 1.

Ал эми журналисттер камакка алынган мамлекеттер:

Түркия – 67, Египет – 21, Кытай – 23, Эритрея – 16, Сауд Аравиясы – 14, Белоруссия – 11, Йемен – 9, Камбоджа – 9, Камерун – 6, Марокко – 5, Мьянма – 5.

1990-жылдан бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө жалпы 2658 журналист өлтүрүлгөн. Алардын жарымы согуш болгон, кылмыштуулук жана коррупция гүлдөгөн, мыйзамдар одоно түрдө бузулган өлкөлөрдө каза болгон.

1990-жылдан бери журналисттер эң көп өлтүрүлгөн мамлекеттер:

Ирак (339 ), Мексика (175), Филиппин (159), Пакистан (138), Индия (116), Россия (110), Алжир (106), Сирия (96), Сомали (93), Афганистан (93).

Булак: Баракелде